При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Жети-Өгүз районуна Франциянын элчиси келди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылына Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру баштаган атайын делегация келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Айыл эли менен элчи Микаэль Ру, Сент-Омер шаарынын мэри Франкоис Декосте жолугушту.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн достук мамилеси 2014-жылы башталып, ошол жылдары Франция менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн долбоордун алкагында айылга таза суу киргизилип, тургундар суу менен камсыз болушкан. Учурда айылда 186 үй-бүлө таза суу колдонот.

Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн долбоордун алкагында Сент-Омер шаарынын тургундары таза сууга төлөгөн каражаттан ашканы фонд катары түзүлүп, башка өлкөдөгү тургундарды таза суу менен камсыз кылууга сарпталары каралган. Бул фонддон, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жана айыл аймактан каражат бөлүнүп, Аң-Өстөн айылына таза суу чыгарылган.

Франциядан келген делегация айылга таза суу чыгарылганын көрүп, кызыл тасма кесишти. Эми алдыда жаңы конуштун тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында жаңы долбоор ишке ашат. Анын негизинде 4 чакырым 300 метрге суу түтүктөрү орнотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 652
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу