При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жаш талант: 18 жаштагы дунган кызы Ф.Ибрагимова так илимдерди өздөштүрүп жатат (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 18 жаштагы тургуну Фатима Ибрагимова мектепте так илимдер боюнча сабактарды жактырат. Ал кубиктерди тез убакыттын ичинде тизүү менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Өзүнүн айтымында, поэзия жана прозаларды окуганды жакшы көрөт.

«Учурда Кант шаарындагы №1 мектеп-гимназиясында 11-класста окуп жатам. Жакында өткөн республикалык олимпиадада биология сабагы боюнча 1-орунду алдым. Мага так илимдер боюнча сабактар жагат. Мисалы, биология, химия, физика. Бул сабактар айлана-чөйрөнү терең таанып-билүүгө жол ачат. Эң башкысы так илимдер боюнча сабактардан жетишип алсаң, калган сабактар оңой болот. Мен кубиктерди (спидкубинг) тизүү менен да алектенем. Азыркы учурдагы максатым жалпы республикалык сынактан жакшы упай топтоо, мектепти артыкчылык аттестат менен аяктоо болуп саналат», - деди ал.

Ф.Ибрагимова максаттарга жетүү үчүн сабырдуулук жана чыдамкайлык керектигин кошумчалады.

«Алдыма койгон максаттарым сөзсүз орундалат деп ишенем. Медицина тармагында билим алам», - деди ал.

Фатима 3 бир туугандын ортончусу.

«Биздин үй-бүлөдө 5 киши бар. Ата-энем, эжем, мен жана иним. Эжем Кыргыз улуттук университетинде окуйт. Иним болсо бир жарым жашта. Булар менин эң жакын адамдарым. Алар мага ар дайым колдоо көрсөтүп, ар кандай кыйынчылыктарда дайыма жанымда болушат. Ата-энем менин өсүшүмө түрткү берип турат. Менин улутум дунган», - деди ал.

WhatsApp Image 2017-04-21 at 09.57.01

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×