При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

Айыл турмушу: 50 жаштагы Г. Султанова үйлөнүү тойлорго букет гүл жасап, 1500 сомдон баалайт (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарынын 50 жаштагы тургуну Гүлсина Султанова 5 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал көбүнчө үйлөнүү үлпөт тойлорго букет гүлдөрдү жасап, аларды 1500 сомдон баалап сатат. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Үйлөнүү үлпөт тойлорго атлас тасмалар менен букет гүл даярдап сатам. Бул кол өнөрчүлүк сабырдуулукту жана ойлоп табуучулукту талап кылат. Тактап айтканда, өтө майда иш. Бирок, ишим кыйын болгону менен мага абдан жагат. Айрыкча жасап бүткөн ишиңди көрүп кубанбай койбойсуң. Керектүү каражаттарды базардан сатып алам», - деди ал.

Гүлсина эже гүл жасаганды интернет желелеринен үйрөнгөн.

«Негизи гүл жасоону интернет булактарынан көрүп үйрөнүп, кызым экөөбүз өзүбүздүн да чыгармачылыгыбызды кошуп, биринчи букетибизди жасадык. Эмгектерибиз көп кишилерге жакты. Букеттердин баасы 1000 сомдон 1500 сомго чейин болот. Алар жасалгасына жараша бааланат. Бул букеттердин өзгөчөлүгү көпкө сакталып, эстелик болгонунда», - деди ал.

Кол өнөрчү бир уул, бир кыздын апасы.

«Мен Ош шаарында төрөлүп, ошол жерде өстүм. Кант шаарына 2010-жылы көчүп келгенбиз. Атамдын улуту түрк, ал эми апам татар кызы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×