Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Фото: Милиционерлер Н.Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык SapatCom имаратын курчоого алды

Turmush -  Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон SapatCom имаратында 100гө жакын милиционер жүрөт. Имарат Манас проспектиси менен Жумабек көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Н.Түлеевдин айтымында, бүгүн, 21-апрелде таңкы саат 5:00дө SapatCom имаратына 100гө жакын милиционер келип, «имаратка кирип, аны ээлеп алышты».

«Алар имаратка соттун 2-марттагы протоколун көрсөтүп киришкен. Соттун чечимин аткаруу мөөнөтү аяктаган. Алардын бул документтин негизинде бир нерсе кылууга укугу жок. Бул керек болсо кагаздын көчүрмөсү, алар бизге түп нускасын көрсөтүшкөн жок. Ушинтип имаратты рейдерлик жол менен басып алышты. Документте жада калса дата да жок. Алар 2 жылдан бери биздин имаратка чабуул коюп келишет. Биз имараттагы баалуу буюмдарды ала алган жокпуз», - деди ал.

Tazabek басылмасы комментарий алуу үчүн Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылды, бирок алар комментарий бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2298
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×