Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

ИИМдин коомдук кеңеши Ош шаарында көчмө жыйынга чогулду

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин көчмө жыйыны Ош шаарында өтүп жатат, деп билдирди кабарчы.

Ага ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. С.Өмүрзаков көчмө жыйындар жакшы жыйынтык берип жатканына токтолду.

«Ички иштер органдарын реформалоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук кеңеш тыгыз иштеп жатат. Милициянын негизги милдети — мамлекеттин коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу. Көчмө жыйындар башка облустарда да өтөт. Отурумдун жыйынтыгы милициянын ишине жардам берет деген ойдомун», - деди С.Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×