При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 28-апрель

Кызыл-Кыяда суу түтүктү сел алып кетип, кир суу чыгып жатат, - мэрия

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында жаан тынбай жаап жатканына байланыштуу эл ичүүчү таза суу булганууда. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жакынкы арада эле Кызыл-Кыя шаарындагы Кулуштан айылында сел жүрүп, таза суу түтүктөрүн алып кеткен. Сел алып кеткен түтүк Кызыл-Кыя шаарынын көпчүлүк аймагын таза суу менен камсыздап турган. Учурда ал түтүктү оңдоо иштери жүрүүдө. Суусуз калган аймактарга жана суу булганган жерлерге унаалар менен суу ташылып жатат.

Айрым аймактарда таза суу булганып чыгып жатат. Сууларды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бирок сууну тазалоочу жумушчулар жетишпей калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 239
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×