При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Сууда окуучулардын ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү максатында көргөзмө уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылындагы Муса Жусупов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр, кол эмгек боюнча көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Көргөзмө Адеп, маданият, ыйман жылына карата уюштурулуп, бул ишти мугалим Айнагүл Бектенова жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары Токбаева Мөөр жетектеди.

Аталган иш-чара окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү максатында өткөрүлдү. Анда өзгөчө 5-класстын окуучулары Толукбаев Алтын Сариндин, Байсеитов Чынасыл, Садырбеков Нурмырза, Шахтёрова Адеми, Кубанычбек уулу Кушбек жана 7-класстын окуучулары Касаболотов Рустам, Калыев Жоомарт, Берибаев Нурсултан, Асеков Кутман, Калыев Сыймык, Кубанычбек уулу Жылдызбектин эмгектери өзгөчө бааланды. Ошондой эле, 6-класстын окуучулары Бектурганова Света, Бейшембаева Аксаамай, Шаршибекова Жазайым, Бакытжанова Айтунуктун эмгектери айырмаланып турду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 324
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу