Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Улуу Жеңишке 72 жыл: Базар-коргондук 98 жаштагы Барамша атага акчалай белек тапшырылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылында жашаган 98 жаштагы ардагер Барамша Абдрахмановго акчалай белек тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Барамша атанын айтуусу боюнча, 1943-жылдан 1945-жылга чейин согуш талаасында болгон.

Ардагер атага Улуу Жеңиш күнүнө карата мамлекеттен бөлүнгөн 15 миң 400 сомду тапшыруу үчүн райадминистрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Сагындык Кудайбердиев, социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Байыш Саипов, райондук почта бөлүмүнүн башчысы Маматжунус Абдыкадыров жана Кеңеш айыл аймагынын башчысы Рахман Өмүрзаков келишти.

С.Кудайбердиевдин айтуусу боюнча, райондо Ата Мекендик согуштун 14 катышуучусу, оруктун 9 ардагери жашайт. Аларга ар тараптуу, акчалай жардамдарды көрсөтүү улантылат.

Тема боюнча:

09.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: «Жеңишке жеттик!» деген сөздөр жазылган гезитти 95 жаштагы ардагер В.Коваленко 71 жылдан бери сактап келет (фото)
09.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Таластык ардагер О.Кушубаков согуштан оор жарадар болуп келген (фото)
10.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Ардагер Ж.Жунусбеков согуш маалында кыштын чилдесиндеги 3 күн бою сууда калган (фото)
11.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Таластык ардагер И.Жанкорозов согушта 13 жолу жаракат алган (фото)
11.05.2016Улуу Жеңишке 71 жыл: Түптүк ардагер И.Кыдыралиев согушта 3 бир тууганын жоготкон (фото)
08.05.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Кадамжайлык Шамши ата Ч.Түлөбердиевдин дзотко төшүн тосконун өз көзү менен көргөн (видео)
21.04.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Базар-коргондук 98 жаштагы Барамша атага акчалай белек тапшырылды (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 838
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×