Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык жаштар райондун өнүгүшү үчүн бирикме түзүштү (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жаштары кичи мекенинин өнүгүшүнө салым кошуу максатында «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесин түзүштү. Бул тууралуу жаш активист Баялиев Кубанычбек аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 14-апрелде райондун активист жаштары борбор калаада чогулуп, алар бир катар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, райондун мындан ары өнүгүшүнө салым кошуу үчүн аталган бирикмени түзүп, анын төрагалыгына Самат Асаналиевди шайлашты.

«Бул бирикмеге ар бир ак-талаалыктар мүчө боло алат. Ошондой эле квартал сайын бирикменин мүчөлөрү 500 сомдон мүчөлүк акы бермей болушту. Бул каражат Ак-Таала районунун эң керектүү иштерине жумшалат», - деди К.Баялиев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1803
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×