При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Баткенде 26 миңден ашык наристе бала бакчага барууга кезекте турат

Turmush -  Баткен облусунда 26 миң 800 бала бакчага баруу үчүн кезекте турат.

Облустун усулдук борборунун директору Мээринса Айжигитованын айтымында, облус боюнча жалпы 142 бакчага 17 миңден ашык бала барган. Бирок, учурда облус 47 бакчага муктаж болуп турат.

«Учурда 3 жаштан кийинки балдарды тарбиялоо өтө маанилүү делинип, ар бир бала бакчада энелердин мектеби ачылып жатат. Анда энелерге тарбиялоо туурасында жеткиликтүү маалыматтарды берип, баланын тарбиясы үчүн аракеттерди көрүүдөбүз», - деди Айжигитова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×