
Turmush - Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу районунда терроризм, экстремизмге каршы тынчтык митинги болуп, кызы Сирияга кеткен Сабыр аксакалга сөз берилди. Ал өз сөзүндө кызы күйөө баласына алданып кеткенин айтып, башкаларды мындай торго түшпөй, сак болууга чакырды.
«Менин кызымды күйөөсү Түркияга чакырып, андан ары алдап Сирияга алып кирген. Күйөө балам Сирияда каза болду. Алар эки балалуу болушкан. Улуу баласы да каза болуп, кызым бир баласы менен келе албай жүрөт. Кызым 1987-жылы туулган болчу. Кеткенине 3 жыл болду. Телефон аркылуу байланышып, сүйлөштүк. Кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк таба албай жатат. Кайсы шаарда экенин айтпай койду», - деди ал.
Акскакал кызын сагынганын кошумчалады.