При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Видео - Кара-cуулуктар Сириядагы согушка катышууга каршы митингге чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу шаарынын борборунда терроризм менен экстремизмге каршы чыккан тургундар тынчтык митингине чогулушту. Митингге 500гө жакын жашоочулар, мектеп окуучулары чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы. 

Алар «Биз терроризмге каршыбыз!» деген ураан менен борбордук көчөлөрдү кыдырууда. Жүрүшкө чыккандарды Патрулдук милициянын унаалары баштап бара жатат.

Кара-Суу РИИБдин 10-бөлүмчөсүнүн башчысы Руслан Омошевдин айтымында, район аймагынан Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн 200дөн ашуун адам кеткен. Алардын ичинен 27 адам кайтып келип, көпчүлүгү тиешелүү жазасын өтөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу