При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 885 үй-бүлө көчүрүлдү (видео, фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Арал айыл аймагынын Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, аймактагы 885 үй-бүлө эвакуацияланды.

ӨКМдин маалыматына караганда, суунун деңгээли көтөрүлүп, 1970-1980-жылдар аралыгында курулган дамбанын 300 метр аралыгын жеп кеткен. Андан улам Кара-Үңкүр дарыясынын нугу бурулуп, Арал, Сакалды айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди каптап, турак үйлөргө кооптуулук жараткан.

Суу каптоону алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин башчылыгы алдында Арал айылында дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал үчүн ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 47 куткаруу жана 30 техника тартылган.

«Кара-Үңкүр дарыясынан ашкан суу Сакалды айыл аймагындагы турак үйлөрдү каптоо коркунучу чоң болгондуктан Чек, Кыргызстан, Чоң-Багыш, Сай-Бою жана Кармацех айылдарынан 885 түтүн үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө эвакуацияланды. Бүгүн облустун аймагындагы дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, кооптуулук жараткан айылдарга министр К.Боронов келип, абал менен таанышып, тийиштүү чечимдерди кабыл алышат», - деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин Ноокен райондук бөлүмүнүн жетекчиси Н.Медетбековдун айтымында, Арал жана Сакалды айыл аймагында болжолдуу эсеп менен 1000 гектардан ашык аянтты суу жууп кетти.

Райондун акими Э.Маматаевдин айтымында, 15 күндөн бери алдын алуу иштери жүргүзүлүп жаткан. Учурда дарыянын жээгин бекемдөө иштери уланууда. Ага ӨКМдин жана жергиликтүү тургундардын 40тан ашык техникалары тартылды.

Маалым болгондой, Мазар тилкесиндеги 234 турак жайга жана 2138 гектар айдоо жерлерге кооптуу абал жаралууда. Сел каптоо коркунучун жоюу үчүн бүгүн жарандык коргонуу кызматтары биргеликте иш алып барып, 15ке жакын техника тартылды. Тактап айтканда, аталган дамбаны бекемдөө үчүн «Келечек» ишканасынан 6 самосвал, 2 бульдозер, ӨКМ 1 автожүктөгүч, 1 бульдозер, 5 автосамосвал тартылды. Мындан тышкары, 150дөн ашуун жергиликтүү тургундар, Таш-Көмүр шаарындагы №2 өзүнчө издөө куткаруу кызматынын 30 куткаруучусу чыкты. Дарыянын жээгин бекемдөө үчүн 1000 кап кум коюлуп, 22 рейс таш ташылды жана 20 дарактар кыркылып коюлду.

Түштөн кийин Сакалды айыл аймагындагы Чек, Кыргызстан, Кормоцех айылдарын суу каптоо коркунучу бар аймактарында жашаган 885 кожолуктан 5590 киши коопсуз аймактарга, туугандарыныкына көчүрүлдү.

Дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүргөн жерде ӨКМдин башчысынын орун басары Р.Рысбаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы А.Бекилов, өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиев да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9112
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×