При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

ИИМдин 9-башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурунку орун басары А.Акжоловдун мародерлукка тиешеси жок, - туугандары (видео)

Turmush -  ИИМдин 9-башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурунку орун басары, полковник Абдували Акжоловдун жакындары бүгүн, 18-апрелде АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүштү. Алар Абдували Акжолов учурда Аксы районундагы Кызыл-Жар айылындагы психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасында жатканын, абалы оор экенин айтышууда.

А.Акжолов 2010-жылдагы мародерчулукка күнөөлөнгөн. Кийин эркиндикке чыгып, 2015-жылы баңгизат менен кармалганы маалымдалган. Ошол эле жылы Чүй облустук сотунун имаратын өрттөп, ишке байланыштуу материалдарды уурдоого мародерлукка айыпталгандар буйрутма бергени айтылган. Анда да Абдували Акжоловдун аты аталган.

Бирок, анын туугандары булар жалган жалаа экенин, ал атайын каралоого кабылганын айтышты.

«Мародерлорду жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өзү органдарга тапшырма берген. Ошондон кийин бизде үмүт болду. Авдували азыр ооруканада жатат. Ал тарткан азапты Гитлердин концлагерине колго түшкөндөр да тарткан эмес. Буга чейин мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановду өлтүрүүгө жана талап-тоноочулукка тиешелүү деп соттошкон. Гезиттерде Абдували Акжаловдун 2010-жылдагы талап-тоноого тиешеси жоктугун жазып чыгышкан. Бирок, Текебаевдин жалданма соттору ага маани берген жок. Абдувалинин үйүндө курал-жарак чыкты деп да айтышты. Жалааны жабам десе оңой эле экен. Ал ошончо жалаа менен ушул күнгө чейин келе жатат. Президентке мародерлор боюнча кылмыштарды көзөмөлгө алганына ыраазычылык билдиребиз. Чыныгы күнөөлүүлөр жооп бериши керек», - деди бир тууганы Абдыкадыр Акжолов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 958
Комментарии
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.