При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Балыкчыда газга ууланган 11 окуучунун тизмеси (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы  №3 Абдылдаев атындагы орто мектепте кечээ, 17-апрелде саат 10:35 чамасында белгисиз газга ууланган окуучулардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Балыкчы шаардык аймактык ооруканасына шилтеме берүү менен билдирди.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Жумагазиевдин маалыматына караганда, 17-апрелде 12 окуучу деми кысылып, башы ооруп кайрылышкан. Окуучулардын бешөө жандандыруу бөлүмүнө, 4 окуучу хирургияга, 2 окуучу терапия бөлүмүнө түшкөн.

«Азыркы тапта жандандыруу бөлүмүндөгү 5 окуучу жаракат бөлүмүнө которулду. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Окуучулардын абалы жакшы», - деди Т.Жумагазиев.

Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 5 окуучу:

1. Н.Талиева, 2002-жылы туулган;

2. Ж.Жаныбай кызы, 1999-жылы туулган;

3. Б.Жакыпова, 2001-жылы туулган;

4. А.Жоомартова, 2001-жылы туулган;

5. Э.Эсенбаева, 2001-жылы туулган.

Травматология бөлүмүнө түшкөн 6 окуучу:

1. А.Максутова, 2002-жылы туулган;

2. Н.Акунова, 2002-жылы туулган;

3. А.Бейшенбек кызы, 2002-жылы туулган;

4. З.Эмилова, 2002-жылы туулган;

5. К.Русланова, 1999-жылы туулган;

6. С.Маратов, 2001-жылы туулган.

Ошондой эле жеринде куткаруучулар тарабынан 3 адамга биринчи жардам берилген.

Алар:

1. К.Понамаренко, 2002-жылы туулган;

2. А.Космосбек кызы, 2002-жылы туулган;

3. Д.Касымакунова, 1965-жылы туулган, мугалим;

Куткаруучулардын айтымында, учурда алардын абалы туруктуу.

Буга чейин ӨКМден билдиришкендей, окуя саат 10:35 чамасында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 914
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×