Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Жумгалдын Көк-Ой айылындагы ата-энелер окуучуларды ишембиликке мажбурлаган мугалимдерге нааразы (видео)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин окуучулары жана ата-энелер ишембиликке мажбурлоо болуп жатканына нааразы. Директордун тапшырмасы менен жума жана ишемби күндөрү айылдын аймагын тазалоого окуучулар гана чыгышкан. Мындай даттануу менен жергиликтүү тургундар айыл өкмөткө кайрылышты.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, үч айлыктын алкагында окуучулар мектептин айланасын тазалап чыгышкан. Бул ирет мектептин жамааты чыкмак. Бирок, көчөнүн жээгин тазалаган окуучуларга мугалимдерге бөлүнгөн сейил бактын ичин дагы тазалап чыгуу тапшырылган.

Screenshot_2017-04-17-08-43-25-1

«Окуучуларды эмне үчүн сабак окутпай ишембиликке чыгарышат? Мугалимдер менен жетекчилик чыккан жок», - деди айыл тургуну Канайым Насирдинова.

Ал эми айыл өкмөт башчы Э.Мамбетова үч айлыктын алкагында мектептеги 40тан ашык мугалим жана техникалык кызматкерлер өздөрү ишембиликке чыгышпай, окуучуларды мажбурлашканын билдирди.

Мектептин жамааты окуучуларга мажбурлоо болбогонун айтып, мугалимдер ал күндөрү райондук билим берүү бөлүмү уюштурган семинарга катышып жүргөнүн айтышты.

Screenshot_2017-04-17-08-43-31-1

Screenshot_2017-04-17-08-45-35-1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2091
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
mikiomka
21:18, 18 апреля 2017
лохко ошол даттанган окурман, арыдан бери бололучу жолдоштор, эми жакында ак уйдун музоосу кашка уйдун сутун ээмип кеткенине нааразы деп чыгаралы ээ
Нет аватара
altyke78
15:06, 18 апреля 2017
ар ким тартипти озунон баштаса. бул камерага тартып жургон кыз кантет. адеби жок го. коркутуп, эй деп суйлогонуно караганда уйунон деле ата-энесин опузалап суйлойт окшойт. 1 же 2 саат иштесин балдар. туура. мугалидери, мектеп директору жанында болуш керек. биз сакманга чыгып, картошка казып, чоп чаап аман эсен эле чонойгонбуз. азыр болсо балдарыбыз эптеген жан болуп калды. манкурт болбосун десек коомдук иштерге тартыш керек. мен колдойм
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×