Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.04.2017 12:21

Жети-Өгүздө улан-кыздар арасында таяк тартыш боюнча биринчилик өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Данияр Токтомушев атындагы спорт ордосунда улан-кыздар арасында таяк тартыш боюнча райондук биринчилик өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Анда кыздар 3 салмак даража, эркектер 5 салмак даража боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө аталган спорт ордосу тарабынан медаль, дипломдор тапшырылса, КРнын Таяк тартыш федерациясынын президенти атайын кызыктыруучу сыйлыктарды берди.

Аталган иш-чара Таяк тартыш федерациясынын быйылкы жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×