При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

«Мекендештер»: Кувейт мамлекети 26 жаштагы сокулуктук мугалим Улукбектин көзү менен (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Кум-Дөбө айылында 1991-жылы төрөлгөн Орособек уулу Улукбек.

Ал Бишкектеги Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили боюнча филология факультетин бүткөн. Сокулуктагы Давха-Сокулук орто мектебинде иштеп, аталган райондо жашайт. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Учурда Кувейт мамлекетинин Эль-Кувейт шаарындагы университетте билимин өркүндөтүүдө. Аймактык кабарчы жаш мугалим менен маек курду.

- Сиз Кувейт мамлекетине эмне максат менен бардыңыз?

- Билим алуу үчүн бардым. Учурда Эль-Кувейт шаарындагы Марказуль исламия ассакаафий университетинде араб тили боюнча билимимди жогорулатып жатам.

- Кувейт мамлекетинин өзгөчөлүктөрү, аба ырайы, суусу, тамак-аштары жөнүндө айта кетсеӊиз…

- Кувейт дүйнөдөгү эӊ бай мамлекеттердин бири экендиги баарыбызга эле маалым. Эӊ кызыгы Кыргызстандыкындай бийик мөңгүлүү тоолор жок. Айлана тегиз чөл. Бирок, ошол чөлдүн үстүндө укмуштуудай өнүгүп жатышат. Жолдордон коомдук транспортторду көп көргөн жокмун. Сууну аябай иштетишет экен. Жаңы заманбап технологиялар менен суу сактагыч мунараларды курушуптур. Себеби, биздикиндей таза суу буларда кенен эмес, аябай тартыш. Электр энергиясы бекер. Анан да милиция кызматкерлери жарандарга өтө сый мамиле кылгандыгы абдан жакты. Кокус унааң бузулуп калса, оңдолгонго чейин кетпей, жардам беришерин көрдүм. Жолдо улам-улам токтоткон жол көзөмөлдөөчүлөр жок. Эли да аябай маданияттуу жана бай келишет.

Көчөлөрдөн көбүнчө «Жип» үлгүсүндөгү акыркы чыгарылган унааларды көрүүгө болот. Аба ырайы март айы салкын жакшы болду. Апрелден баштап 38, 40 градуска чейин ысый баштады. Суусу жакшы, бирок тазаланып, атайын иштелип чыккан суулар экен. Табигый сууга муктаж өлкө экенин көбүбүз билсек керек. Тамак-ашы жакшы, көбүнчө койдун жана төөнүн этинен жасалган тамактарды, шишкебектерди жешет.

- Ал жердегилер Кыргызстан деген өлкө бар экенин билишет бекен?

- Элдеринин меймандостугун кыргыздарга окшоштурдум. Кыргызстан деген мамлекетти кээ бирлери билишпейт экен. Көбүнчөсү «Кытайдансыңбы?» деп сурап жатышты. Аларга түшүндүрүп айтсам, биз тууралуу угуп жүрүшкөнүн айтышты.

- Кувейтте мыйзам өтө катуу, бирок элдин жашоосуна ошончо шарт түзүлгөн дешет…

- Туура, мыйзамга баары бирдей баш иет. Жарандарына абдан жакшы шарттарды түзүп беришкен. Маселен, медицинасы бекер. Чет өлкөдөн илим алам десе, баарын төлөп берип, бекер жөнөтүшөт. Ал эми айлык маяналар өтө жогору.

- Бул мамлекетке баргандан кийин эсте калган, кызыктуу окуяӊыз болдубу?

- Ооба, болду. Кумдуу шамалды сыналгыдан көрүп жүрчү элем. Бул жактан өз көзүм менен көрдүм. Мага аябай кызык болду. Ошол кумдуу шамал болгондун эртеси эле, жамгыр катуу жаап, шаардын жолдорун чоң суу каптады. Чөлдүү жерге да катуу жамгыр жаайт экен. Анан да чагылгандар катуу чартылдап түштү. Ушундай жаратылыш кубулуштары 2 күндүн ичинде бат-баттан өзгөрүп кеткени таӊ калтырды.

- Эми Кыргызстанга качан кайтып келесиз?

- Бул шаарда толук 3 ай болуп, окуу-курсум аяктаган соӊ Кыргызстанга барам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×