Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Ош облусуНоокат району 14.04.2017 13:17

Кыргыз-Атада өлкөсүн коргогон жалпы ардагерлерди эскерүүчү ардак такта курулуп жатат (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан инсандарды эскерүүчү ардак такта курулуп жатат. Курулуш иштери 11-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин катышуусунда башталды.

Ардак тактага Ата Мекендик согушка, Ооган согушу менен Чернобль апаатынын кесепеттерин жоюуга жана Баткен окуясына катышкан кыргыз-аталыктардын ысымы жазылып, жанына өчпөс от жана бир танк орнотулат. Анын сметалык баасы 800 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү тургундар тарабынан каржыланууда.

«Ата Мекендик согушка катышып келген жана согуш талаасында каза болгон инсандардын аты-жөнүн толук тактап чыктык. Согуштан келбей калган адамдар унутта калып жатканынан жалпы катышуучулардын ысымын сактап калууну көздөдүк», - деди Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов.

Анын айтымында, такталган тизме боюнча мекенди коргоо үчүн 480 жаран жөнөп кетип, алардын ичинен 100 адам кайткан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×