При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Видео - Жогорку Кеңештеги жыйында А.Салянова менен А.Артыков урушту

Turmush -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-апрелдеги отурумунда эки депутат кайым айтыша кетти. Аида Салянова («Ата Мекен») жыйында Анвар Артыков (КСДП) алгачкы күндөн тарта Өмүрбек Текебаевге жакшы пикирде эместигин айтты. Анын пикиринде, А.Артыков ошондуктан мародерлук боюнча комиссиянын төрагасы болгон.

«Суроолорго жооп бере алган жок, былжырап жатат», - деген А.Саляновага, А.Артыков: «Сен былжырап жатасың!», - деп жооп берди.

Кайым айтышуу менен убактысы өтүп кеткенин айткан А.Салянова кошумча убакыт сурады. Бирок, төрага Чыныбай Турсунбеков уруксат берген жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу