Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.04.2017 14:47

Айыл турмушу: Көлдүк Р.Иманалиев 80 миң сомдук каалга, дарбазаларды жасайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Маевка айылынын 26 жаштагы тургуну Рустам Иманалиев Россиядан үйрөнүп келген устачылыгы менен каалга, дарбазаларды жасап, 80 миң сомго чейин сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылык менен 5 жылдан бери алектенет.

«Негизи Россияга мигрант катары жумуш издеп барып, ошол жерден эшиктерди, дарбазалардын түрлөрүн жасаганды үйрөнүп келгем. Бишкекке келген жылдары мен жасаган кымбат эшиктер чанда гана жасалчу. Азыр мындай эшиктерди жасаган усталар көп. Жасаган эшиктерим болсо 13 миң сомдон 80 миң сомго чейин бааланып сатылат.

Ал эми, дарбазалардын баасы 20 миң сомдон башталып, эң кымбаты 40 миң сомго чейин болууда. Керектүү материалдарды атайын темир саткан базарлардан сатып алам. Негизи өзүм ширетүү жагынан лицейди окуп бүткөм. Ошол окуумдун бул ишиме өтө чоң пайдасы тийди. Кардарлар кандай буйрутма берсе, дал ошондой кылып жасап берем. Кээ бир кардарларым интернеттен дарбаза же эшиктин жаңы үлгүсүн алып келип көрсөтүп, ошондой кылып жасатып кетишет», - деди чебер уста.

Уста учурда үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×