Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарындын толоорунда киши кийик жашаганын уккан Испаниядагы окумуштуулар изилдөө иштерин башташты (фото, 45 см издин видеосу)

Turmush -  Нарын шаарында жашаган милициянын жана каржы полициясынын ардагери Бакыт Асакеев киши кийик бар экенине ишенип, көп жылдан бери бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл оозунан маалыматтарды чогултуп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, киши кийик бар экени тууралуу бир катар ишеничтүү маалыматтарды уккан.

«Ат-Башы РИИБде иштеп жүргөндө Токтосун Жапаров аттуу мергенчи согуш жылдарында Пограничник айылынан эки мергенчи ууга чыгып, алардын бирин киши кийиктин ургаачысы уурдап кеткендигин айтып берген. Ошентип, аң уулоодон кайтпай калган мергенчи үчүн экинчиси өлтүрүп койду деп күнөөлөнүп, түрмөгө камалган экен. Арадан эки жыл өткөн соң баягы жоголгон мерген кайтып келип, аны киши кийиктин ургаачысы кармап кетип, туткун катары эч жакка чыгарбай, ага киши кийик тийип алгандыгын, андан балалуу болгондугун, ыңгайын келтирип араң качып чыкканын баяндаган экен», - деди ал. 

Кийинчерээк Б.Асакеев Тянь-Шань ОИИБде иштеп жүргөндө Эки-Нарында чаңырык, жез тумшуктар бар экендигин жергиликтүү мергенчилерден уккан жайы бар. Киши кийиктин Тогуз-Торо, Эки-Нарын, Босого, Жаңы-Жер аймактарында, Суусамырдын Кызыл-Ой айылына чукул жерде  байырлай турганын мергенчилерден жана жергиликтүү элден угуп, маалымат жыйнап баштаган. Жакынкы жылдарда эле Суусамырдын Кызыл-Ой айылынан чыккан мергенчи киши кийикке кабылып калгандан кийин, коркуп Сокулукка көчүп кеткендигин айылдаштары айтышат.

2000-жылы Б.Асакеевдин киши кийик чын эле бар деген ишенимин бекемдеген бир окуя болгон. Нарын чек арачыларынын чалгындоо тобу Арпа аймагынан киши кийиктин изин табышкан. Бул окуяны аскер адамдары коомчулукка жарыялап шылдың болуудан коркушкан.

«Мен ал кезде мергенчилик инспекциясынын жетекчиси болуп иштечүмүн. Киши кийикке башынан кызыккандыктан, чек арачылардын анын изин тапкандыгын угуп, тынчым кетти. Мындай далилди колдон чыгарууга болбойт эле. Кийинки жылы чек арачылар менен биргеликте браконьерлерге каршы күрөшүү программасынын алкагында ошол жерге барып, сүрөткө тартып, видеого түшүрүп алмай болдум. Киши кийиктин изи ушунчалык терең түшкөн экен, бир жыл өтсө да калыбынан бузулбай сакталыптыр. Анын үстүн жалпак таштар менен жаап койгондуктан бузулбай турган экен. Видеодо көрүнүп тургандай, бутунун изинин узундугу 45 см болот. Кадамдардын ортосу 1,5 метр», - деди Бакыт Асакеев.

Изди тапкан чек арачылардын бири Муратов Мамытбек дагы окуянын чындыгын ырастап, ошол аймакта  түшкөн фото сүрөттөр менен тааныштырды.

Асакеевдин айтымында, ал 2008-жылы пенсияга чыккандан баштап киши кийикти изилдөөнү активдүү уланткан. Буга анын туризм жаатында иштегени чоң өбөлгө болду.

«Номад Лэнд» аттуу туристтик фирма бар. Ошонун жетекчиси Самуэль аттуу швейцариялык жигитке мындан бир топ жыл мурун "киши кийикти изилдөөчү экспедиция алып келбейсизби" деп сунуштагам. Февраль айында Самуэль мага телефон чалып, испан окумуштуусу буга кызыкдар экенин айтты. Учурда ал испан окумуштуусу уставо Санчес Ровено жетектеген топ менен биргеликте Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорундагы адам буту баспаган жерлерде изилдөө иштери менен алектенүүдө», - деди ал.

Густаво Санчес Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, илимге али белгисиз жана легендарлуу жаныбарларды изилдеп келет. Анын пикиринде киши кийиктин болушу тууралуу болжомолду четке кагууга болбойт. Ал адам баласынын өтө суук жакта жашаган тукумдарынан болушу мүмкүн деген божомолу бар.

Буга чейин Turmush басылмасына Ат-Башы районунун адам буту баспаган аймактарында киши кийик жашайт деген аңыз кептерге байланыштуу реалдуу окуялар тууралуу Нарын облусундагы чек арачылардын ардагерлер кеңешинин төрагасы, ардактуу эс алуудагы чек арачы, бир нече сыйлыктын ээси Жаныбек Асанов айтып берген.

«2001-жылдын июль айында Баткен окуясынан өлкө дүрбөлөңгө түшүп турган. Ар кайсы жерде куралдуу топтор жашырынып жүрөт деген айың кептер көбөйүп, анын баарын текшерип чыгууга туура келчү. Ошондой күндөрдүн биринде "Арпада куралдуу согушкерлер жүрөт. Өрөөндүн Кара-Кулжа менен Фергана тоо кыркасы чектешкен жеринде мылтыкчан, ат минген, сакалчан адамдар жүрүптүр" деген маалымат түштү. Аны текшерүү үчүн Нарын чек ара аскердик бөлүктүн ыкчам ишмердүүлүк бөлүмүнөн (чалгынчылар) полковник Сыдыков, майор Турдакунов, капитан Сартов, айдоочу М.Мамытов жана ага кошулган улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте атайын топ жөнөп калдык.

Болжогон жерге багыт алып, Арпа суусунун жээгиндеги Кептеш, Миң-Бугу деген жерге өргүү алдык. Түнкүсүн эмнегедир абдан тынчыбыз кетти. Аттар түнү менен кошкуруп, кишенеп тынчы кетти. Арабыздагы айрымдарга чоң суунун аркы өйүзүнөн жапайы бакырган үн да угулган.

Эртең менен биз тараптан 100 метр ары жактан сунун жээгинен аркы өйүзгө өткөн белгисиз чоң жаныбардын изи жаңы түшкөнүн майор Турдакунов көрдү. Бирок, балдарды чочутуп албоо үчүн аларга айткан жокпуз. Ал из мурунку күнү жок болчу. Издин узундугу 45 см, манжалардын узуну 25 см, туурасы 22 см, согончоктун туурасы 15 см экен. Топурактын катуулугуна карабастан жерге бут 2,5 см батып кеткен. Бул белгисиз жаныбардын абдан салмактуу экенинен кабар берет. Изди көргөндөн кийин балдарга айтпастан тозотту көздөй 20 чакырым жылып, кийинки түнү ошол жерге түнөдүк. Баягы куралчан согушкер дегенибиз браконьерлер экен.

Кийинки жылы да ошол тарапка чалгындоо иштери менен барсак, ошол из дагы эле сакталуу экен. Сүрөткө тартып алдык. Арпанын топурагы абдан нык, шор жана катуу келгендиктен түшкөн из эч бузулбай сакталып калыптыр.

Муну убагында айтып чыгалы десек жетекчилик айтууга тыюу салган. Себеби, илимий түрдө далилденбегендиктен чек арачылар шылдың болуп калышыбыз толук мүмкүн эле.

Ошондон кийин мен киши кийик темасына абдан кызыгып калдым. Алар тууралуу маалымат абдан көп экен. Айрым басылмаларда аларды "йети" деп атап келишет. Алар Кытайда, Канадада, Сибирде бар экени айтылып келет. Сибирдеги ушул сыяктуу жандыктын изинин сүрөтү менен салыштырсам, так эле бизге кездешкен жандыктыкына окшош экен. Кытайда да видеокаттоого тартылып калган. Йетилердин, бизче киши кийиктин телепатиялык сезими күчтүү өнүккөнү айтылат. Ал жүргөн жердеги башка жаныбарлардын тынчы кетет дешет.

Буга чейин да Арпа тоолорунда киши кийик бар экенин аксакалдардан көп эшиттим. Биздин тоо кыркалар Фергана тоо кыркасына кошулуп, андан Гималай, Гиндикушка чыкса болот. Гималай жакта йетилердин бар экени басма сөз беттеринде байма-бай жазылып келет. Булар мигранттар болушу толук мумкүн», - деп сөзүн аяктады мурдагы чалгынчы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20018
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
bobka2004
09:16, 04 апреля 2017
Мен дагы коргум келет
Көп окулду
×