Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуСокулук району 31.03.2017 17:42

Фото — 2016-жылы Дүйнө жана Азия чемпионаттарында медаль тагынган сокулуктук спортчулардын тизмеси

Turmush -  2016-жылы Сокулуктан чыккан 18 спортчу Дүйнө жана Азия чемпионаттарында алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору Изат Жунушов билдирди.

«2016-жылы Сокулук районунун спортчулары жакшы ийгиликтерге жетишти. Алар эр таймаш, самбо, дзюдо, таэквондо жана эркин күрөш боюнча Дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышкан», - деди ал.

Дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарга ээ болгон спортчулардын тизмеси:

Эр таймаш

- Динислам Алмазбеков, Дүйнөлүк биринчиликте 3-орун;

- Азат Эсенбеков, Дүйнөлүк биринчиликте 3-орун;

- Алмаз Таштанбеков, Дүйнөлүк биринчиликте 2-орун;

- Медербек Абдиев, Дүйнөлүк биринчиликте 3-орун;

- Жанат Жекшенов, Дүйнөлүк биринчиликте 3-орунга ээ болгон.

Самбо

- Каналбек уулу Илгиз, Азия чемпионатында 2-орун;

- Мамбетжан уулу Урмат, Азия чемпионатында 2-орун;

- Алтынбек уулу Аманат, Азия чемпионатында 2-орун;

- Тилек Аманкулов, Азия чемпионатында 2-орунду багындырды.

Дзюдо

- Чыңгыз Сагыналиев, Астана шаарынын дзюдо боюнча биринчилигинде 1-орунду камсыздаган.

Таэквондо

- Алай Жанбаев, Азия чемпионатында 3-орун;

- Урмат Садырбеков, Азия чемпионатында 3-орун;

- Данияр Курманбаев, Азия чемпионатында 3-орун;

- Тучин Владислав, Азия чемпионатында 3-орун;

- Виктория Чегирина, Азия чемпионатында 1-орун;

- Маскалена Надежда, Азия чемпионатында 1-орунду ээледи.

Эркин күрөш

- Кенжебек уулу Акбар, Азия чемпионатында 3-орунду алган.

Сокулук районунда 8 спорттук комплекс, 6 стадион, 13 спорттук залдар, 4 кичи футбол аянтчасы жана 1 балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×