При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 28-апрель

«Жеңеке»: Гүлбарчын жеңе кайненесинин кайненеси калтырган мурастарды сактайт (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Гүлбарчын Абдылдаева кайненеси жасап кеткен буюмдарды өзүнүн небере, чөбөрө келиндерине өткөрүп берүүнү каалайт. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Өзүнүн айтымында, бул кол эмгектерди чоң кайненеси Бүбүракия Бектемирова жасап кеткен.

«Мен жаңы келин болуп келгенде чоң кайненем, өзүмдүн кайненем — жолдошумдун апасы да жок болчу. Чоң кайненем 10 балалуу баатыр эне болгон экен. 2008-жылы 85 жашында кайтыш болуптур. Ал өзүнүн колго жасаган эмгектерин жолдошумдун апасына тапшырып бериптир. Кийин ал буюмдарды кайненем мага тапшырып берүүнү кыялданган экен. Бирок, тилекке каршы ал мени көрбөй өтүп кетти», - деди ал.

Г.Абдылдаева үйдөгү буюмдар мурун кандай турса, дал ошондой жууп-тазалап кайра ордуна коюп коёт.

«Дубалда илинип турган СССРдин курамындагы мамлекеттердин эн белгиси түшүрүлгөн сайма килемчени баалайм. Ал килемчени чоң кайненем жасап, аярлап сактап келген экен. Бул буюм көздүн майын алып жасалган чоң эмгек экени көрүнүп турат. Мындай килемчени башка эч жерден көргөн эмесмин», - деди ал.

Мураска калган сайма килемчеден тышкары шырдак, жууркан, көлдөлөң, сандыктар да бар.

«Кайненемдин кайненеси калтырган мурас менин баалуу буюмдарым десем болот. Алардын арасында учурда өзгөчө бааланып жаткан сапаттуу шырдак, көлдөлөңдөр бар. Андан сырткары өз кайненемдин себине келген сайма жүк жабуу, кооз сандыгы да сакталуу. Келин болуп келгенде кайын эжелерим бардык буюмдарды толугу менен мага өткөрүп беришкен. Мындай эмгектерди жасоо колумдан келбесе дагы аны сактап, мен дагы небере, чөбөрө келиндериме өткөрүп берүүнү кыялданам», - деди Г.Абдылдаева.

Жолдошу Максат Дүйшеев экөөнүн баш кошконуна 2 жылдын жүзү болгон. Учурда бир кызды тарбиялап өстүрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1746
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:25,   28.04.2017   ( 6 адам окуп жатат)
×