Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу 24.03.2017 10:06 На русском

Айыл чарба министри Н.Мурашевдин эмгек акысы канча сом?

Turmush -  Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 24 миң 528 сом өлчөмүндө эмгек акы алат. Бул тууралуу министрликке шилтеме берүү менен Tazabek басылмасы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, министрге 29,2 миң сом өлчөмүндө эмгек акы каралган. Социалдык фондго болгон төлөмдөрдөн кийин министрдин колуна 24,5 миң сом берилет.

«Министрликтеги кызматкерлердин орточо эмгек акысы 8 миң 647 сомго жетет. Административдик персоналдын эмгек акысы 11 миң сомду түзөт. Ал эми тейлөөчү персонал 5 миң 302 сом айлык алат», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×