Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 23.03.2017 19:04

Кара-Кой айылында кар көчкүдөн жабылган жол тазаланып, электр жарыгы берилди (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Кой айылында кар көчкүдөн жабылган жолдор тазаланып, үзүлгөн электр чубалгылары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.  

Мурда маалымдалгандай, кечээ, 22-мартта таңкы саат 04:00 чамасында Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Кой айылынын Чоң-Кыштоо тилкесиндеги Кара-Тоодон түшкөн кар көчкү электр чубалгыларын үзүп, ички чарбалык жолду жаап, бир сарайды басып калган.  

«Учурда жол толугу менен тазаланып, электр чубалгылары уланып, абал калыбына келтирилди. Кар көчкүдөн адамдар, мал-жандык жабыркаган жок», - деди Б.Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×