Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 22.03.2017 15:06

Маданият—Барпы унаа жолу асфальтталат

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Маданият—Барпы унаа жолун асфальттоо пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Ош—Бишкек унаа жолунун Маданият-Барпы бөлүгүн кайрадан калыбына келтирүү жумушу апрель айында башталаары күтүлүп жаткан.

«Бул жумуш бир аз кечигип жатат. Бирок, аталган жолдун Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынан өткөн бөлүгүн 300 метрдей аралыкты асфальттоо жумушу башталат. Жалпы 67 чакырым жолду асфальттоо үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы тарабынан 60 миллион доллар бөлүнгөн. Өкмөт тараптан дагы каражат каралган. КРнын жол жана транспорт министри Ж.Калиловго бүт тааныштырып чыктык», - деди К.Сатыбалдиев маалымат жыйында.

Ошондой эле, Майлуу-Суу—Кыпчак талаа жолу боюнча да кайрылуу жиберилип, бул жолдун 3 чакырымына асфальт төшөлгөнүн, быйыл анын 2 чакырымына асфальт төшөө иштери колдоого алынып жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×