При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Сокулуктагы башка улуттун окуучулары кыргыз салттарын үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы мектеп-лицейде башка улуттун өкүлдөрү кыргыздын каада-салты менен таанышып, үйрөнүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Алмаз Сүйүндүков билдирди.

«Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өтүп, тушоо той, үйлөнүү той сыяктуу улуттук салттар көрсөтүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында жалпы катышуучуларга чакан белектер таратылды. Башка улуттун окуучулары жана мугалимдери кыргыздын улуттук каада-салттарына кызыгуу менен карап, үйрөнүп жатышты. Тамак бышырылып, самоор кайнатылып, майрамдык маанай шаңдуу болду», - деди ал.

Мектепте жалпы 150 окуучу окуса, анын 30%дан ашыгы башка улуттун балдары. Ошондой эле, жалпы 15 мугалимдин жарымы башка улуттун өкүлдөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 267
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×