При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Сокулукта окуучулар арасында сармерден өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы мектептин 5-9-класстагы окуучуларынын катышуусу менен сармерден өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Сармерден Ноорузга карата уюштурулду. Анда Умай эне аластап, бардык кыргыз элин куттуктады. Андан соң кыздар кара жорго бийин аткарышты. Макал, жаңылмач, калп айтуу, табышмак табуу оюндары көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Акыйнек айтышуу тапшырмасы өзгөчө болуп, көрүүчүлөрдү, ата-энелер, мугалимдер жана окуучуларды күлкүгө бөлөдү. Сармерденге балдардын тобун мектептин ардагер мугалими Насырова Сыягүл жетектеп чыкса, кыздардын тобун мугалим Бердикожоева Гүлжан даярдаган. Жалпы 25 бала, 25 кыз катышты.

Жыйынтыгында кыздар тобу менен балдар тобу 97 упай топтоп, тең чыгышты. Сармердендин катышуучуларына грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 609
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×