При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Ош шаарында республикалык деңгээлдеги салбурун өтүп жатат (фото)

Turmush -  Ош шаарында республикалык деңгээлде уюштурулган салбурун өтүп жатат. Оюнга Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Насирдин Карабев Кылжээрен аттуу тайганын алып келген. Бул тайган Көчмөндөр оюндарында 1-орунду багындырган.

«Таласта тайганчылык өнөр жакшы колго алынган. Мен 30 жылдан бери тайган багам. Бул тайганым учурда 1 гана жашта болсо да ийгиликтерди жаратып жатат», - деди ал.

Учурда куш салуу, жаа атуу, тайган агытуу, бүркүт салуу мелдештери жүрүп жатат. Оюндарды Салбурун федерациясынын башчысы Алмаз Акунов ачты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 683
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×