При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Сокулуктагы мектептердин директорлору билимин жогорулатты

Turmush -  Сокулук районундагы 50гө жакын мектептин директорлорунун билимин жогорулатуу максатында 1 жума семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук мектеп-лицейинин директору Алмаз Сүйүндүков билдирди.

«13-марттан 17-мартка чейин райондогу бардык мектептердин директорлоруна «Билим берүү системасын башкаруу жана каржылоо» деген темада семинар уюштурулду. Анда көптөгөн пайдалуу кеңештер айтылып, ар кандай көрсөтмөлөр, иш-чара, оюн-зооктор менен коштолду. Семинардын негизги максаты — директорлордун билимин жогорулатуу», - деди ал.

Жыйынтыгында бардык директорлорго сертификаттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×