При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Нооруз күнү айрым аймактарда жаан жаайт, - 21-мартка карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 21-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусундагы тоолуу аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы мүмкүн. Калган облустарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок жана тайгак болот, деп эскертет Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -2...+3
күндүз +11...+16

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -3...+2
күндүз +11...+16

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 2...7
күндүз +14...+19

Баткен облусунда
түнкүсүн 2...7
күндүз +14...+19

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -2...-7
күндүз +4...+9

Нарын облусунда
түнкүсүн -9...-14
күндүз -1...+4

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +1...+3 градус, күндүз +14...+16 градус болот.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +5...+7 градус, күндүз +16...+18 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×