При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Фото - Нарын шаарынын борборундагы базарды суу каптап жатат

Turmush -  Нарын шаарынын борборунда жайгашкан «Береке» базарын кардын ээриген суусу каптап, сатуучулар менен кардарларга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта аймактык кабарчыга соодагерлер билдиришти.

Алардын айтымында, жыл сайын жазында жана күзүндө базардын борбордук өтмөгүн суу каптайт.

«Жыл сайын кар ээрип баштаганда базардын ичи көлчүктөргө толот. Былтыр базардын борбордук көчөсүн асфальттоо иштери жүрүп, четиндеги арыктарды да оңдоп кетишкен. Бирок, Ленин көчөсүнөн тарта Нарын драма театрынын алдына чейин топтолгон кардын ээриген суусу кайрадан базарды каптап жатат», - дешет сатуучулар.

Жыл сайын кайталанган бул абалга шаардын тургундары да нааразы.

«Нарын шаарында жашаганыма 41 жыл болду. Ошондон бери ушул базардын ичин жыл сайын суу каптап, сатуучулар шыпыргы менен сууну шилеп турганын көрөм. Жергиликтүү бийлик, мэрия ушул абалга көңүл буруп, суунун нугун базардан башка тарапка бөлүп койсо жакшы болот эле», - деди шаар тургуну Арсар Байөмүрова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1295
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×