Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Баткенде маркум милиционер А.Шагамурзаевдин элесине арналган волейбол мелдеши өттү

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта Баткен районунун Чек айылында маркум милиционер Асылбек Шагамурзаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир өтүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, турнирге райондун аймагындагы айыл аймактардан, мекеме-ишканалардан чыккан 12 команда катышты. Мелдеш Асылбек Шагамурзаевдин туугандарынын демөөрчүлүгү менен жыл сайын уюштурулуп келет.

Асылбек Шагамурзаев 1969-жылы Баткен районунун Палал-Ооз айылында төрөлгөн. Эмгек жолун Бишкектеги Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүндө ыкчам өкүл болуп баштаган. 2003-жылы кызмат учурунда каза болгон. Артында 2 уул, 2 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу