Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баткен

Баткенде ардактуу мугалим, маданият кызматкери Төрө Жапаров акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Баткен шаарында ардактуу мугалим, маданият кызматкери Жапаров Төрө Орозбекович 53 жашында дүйнөдөн кайтып, акыркы сапарга узатылды.

Мугалим 1964-жылы 11-мартта Тажик ССРинин Ленинабад облусунун Канибадам районундагы Пулатан айылында туулган.

1971-жылы Тажикстандын Жданов орто мектебинде 7-класска чейин окуп, 1977-жылы Баткендин Кызыл-Бел айылындагы 8 жылдык мектепте 7-8-классты окуган. 9-10-класстарды Баткен шаарындагы В.Ленин орто мектебинде аяктаган. 1981-жылы 10-классты аяктагандан кийин Кызыл-Бел орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеп баштаган.

1982-1983-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн. 1984-жылы Жалал-Абаддагы маданият техникумуна кабыл алынып, Кызыл-Бел айылындагы маданият үйүндө иштеп жүрүп, тамадалыкты аркалай баштаган. 20 жашынан тартып куудулдук өнөрдү аркалап, тамашалуу ырларды жазып, пародияларды чыгарган. 1985-жылы маданият техникумун аяктаган. 1986-жылдан баштап кайрадан Кызыл-Бел орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеген.

1989-жылы Тажикстандын Ходжент шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетине сырттан тапшырып, 1994-жылы тарых адистиги боюнча мугалим болуп иштеген.

1995-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жаштар комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенет.

1996-жылдан тартып Кызыл-Бел орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеп жүрүп, 2003-2008-жылдары Баткен райондук кеңештин депутаты болуп иштеген.

2004-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрында элге отчеттук концертин тартуулаган.

2006-2007-жылдары Баткен облусундагы куудул улан-кыздарды топтоп, атайын «Беш-Төрө» куудулдар тобун түзгөн. Аталган топ жер-жерлерге концерттерди коюп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

2012-2013-жылдары Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында актер болуп иштеп жүргөн.

2014-жылдан 2016-жылга чейин баш байгесине унаа коюлган «Таза-Шоу» лотереялык оюнун алып барган жана аны уюштурууда чоң көмөк көрсөткөн.

Жыл сайын майрамдарда атайын элдик таланттардан куралган топторду түзүп, элге концерттерди тартуулап жүргөн.

«Кайнене», «Карындаш», «Москва», «Жеңелер», «Сүйүү», «Без махабат», «Кыргыздар», «Баткен», «Модерн», «Былкылдап» жана башка 100дөн ашуун пародиялуу ырларды жараткан.

Ал 1981-жылдан тартып 2017-жылга чейин Кызыл-Бел айылындагы орто мектепте мугалимдик кесипти аркалады. 36 жыл ичинде аталган мектептин жогорку категориядагы мугалими болуп иштеп, 2005-2008-жылдары директорлук кызматты аркалаган.

Агайдын 6 иниси, 1 эжеси бар. Өзүнүн 4 кыз, 1 уулдун атасы, 3 неберенин таятасы эле.

Төрө Жапаров кант диабети менен ооруп, кан басымы көтөрүлүп жабыркап келген. Февраль айында Баткен облустук бириккен ооруканасында дарыланып, ал жердеги дарыгерлердин сунушу менен Бишкек шаарында дарыланып жаткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1206
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×