При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Оштогу көк бөрү мелдешинин финалына 4 команда чыкты

Turmush -  Ош шаарында өтүп жаткан көк бөрү мелдешинин финалына 4 команда жолдомо алды. Бул тууралуу кабарчыга көк бөрү боюнча башкы калыс Жунусмамат Сатыгулов билдирди.

Белгилүү болгондой, 1-2-орун үчүн Ноокат районунун улакчылары менен Ош облусунун командасы беттешет. Ал эми 3-4-орун үчүн Сузак району менен Кара-Кулжа районунун командалары ат салышат.
Нооруз майрамына арналган көк бөрү мелдешиндеги финалдык беттештер эртең, 21-мартта өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 200
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×