При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

А.Атамбаев Россиянын президенти В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгы тууралуу пикир алышты, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Эки мамлекеттин башчылары тарыхый калыптанган достук байланыштарга, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-россия мамилелери эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Өткөн чейрек кылым аралыгында тараптар биргелешкен аракеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук багытында өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандырышканы белгиленди. Мындан ары саясий диалогду бекемдөөнүн жана бардык конкреттүү макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү да айтылды.

Андан тышкары, жакынкы келечекте эки тараптуу кызматташтыктын пландары, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана башка уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташууну өркүндөтүүнүн маселелери талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 925
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу