При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Дубайда кыргызстандык түгөйлөр ойноштук кылып никени бузган деп айыпталып жатат

Turmush -  Дубай шаарында кыргызстандык түгөйлөр ойноштук кылды деп айыпталып жатат. Бул тууралуу «Русские эмираты» басылмасы жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, казак улутундагы эркек киши менен кыргызстандык аял 2007-жылы Дубай шаарында үйлөнүшкөн. Бирок, 2 балалуу болгондон кийин 2015-жылдын апрель айында ажырашкан. Андан кийин аял Кыргызстанга кайтып келип, учурдагы жолдошуна турмушка чыккан. Алардын уулу 2015-жылдын октябрь айында Америкада төрөлгөн.

Бул жаңылыкты уккан Дубайдагы мурунку күйөөсү арыз жазып, анын аялы болуп эсептелген аял менен ымыркайдын атасы никесиз экенин айтып чыккан. Андан улам түгөйлөр суракка алынып, нике тууралуу күбөлүгүн жана уулунун төрөлгөндүгү тууралуу документтерин көрсөтүшкөн. Буга байланыштуу аялдын мурунку күйөөсүнүн арызы канааттандырылбай, ишти кароо токтотулган.

Арыздануучунун кайталанган кайрылуусунан кийин иш Дубайдагы жүрүм-турум боюнча сотко берилген. Сот декабрь айында жубайларга 1 жылга шарттуу түрдө кесүү жана депортациялоо жөнүндө жаза белгилеген. Мындай чечимге макул болбогон түгөйлөрдүн жактоочусу далилдердин жетишсиздигине байланыштуу айыпкерлерди актоону суранган. Жактоочунун айтымында, жубайлар Дубайдын аймагында интимдик байланышта болгон эмес. Андан улам алар Бириккен Араб Эмираттарынын мыйзамын бузган жок, деп белгиледи жактоочу.

«Айыпталуучу аял мусулман. Ал эми, анын мурунку күйөөсү мусулман болбогондуктан шариатты кабыл албайт», - деди жактоочу.

Бул иш боюнча кезектеги отурум ушул айдын аягында өтө турганы күтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6411
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×