Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Баетов айылындагы окуучулар менен ата-энелер концерт тартуулашты (видео)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 4-класстан 9-класска чейинки окуучулары менен ата-энелер концерт тартуулашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара Адеп, ыйман жана маданият жылына карата уюштурулду. Мектептин окуучулары менен ата-энелери комуз күүлөрүн чертип, дует ырдап, ар улуттун бийлерин, ар кандай тамашаларды аткарып, акыйнек айтышты.

Концерттин соңунда кийинки кезек ушул орто мектептин 11-классына өткөрүлүп берилди.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1162
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×