Turmush - Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын борбордук аянтында апалар Нооруз майрамына карата сүмөлөк бышырып жатышат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Ошондой эле, аянтка боз үйлөр тигилип, нан, боорсок бышырылып, майрамдык иш-чарага даярдык башталды. Маалым болгондой, сүмөлөк таң атканча бышырылып, кадыр түн тосулат.