Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Сокулуктагы окуучу мектеп директору кызматын аркалады (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Давха-Сокулук мектебинде «Дублерлор» күнү уюштурулуп, 11-класстын окуучусу Заур Акимов мектептин директорунун милдетин аткарды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Айнура Карыпова билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны окуучулардын парламенти жана 11-класстын окуучулары уюштурушту.

«Дублерлор» күнүн белгилөөнүн максаты — окуучулардын өз алдынча болуу сапатын жогорулатуу, мугалимдин түйшүктүү кесибин түшүндүрүү. Даярдык учурунда мугалимдер окуучуларга сабактын жүрүшүн түшүндүрүп, милдеттерди бөлүштүрүп беришти. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Ар бир окуучу өз милдетин жакшы аткара алды. Аталган иш-чара мектепте 3 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

Дублер катары 8-9-11-класстын окуучулары тандалды. Сабактар кыскартылып өткөрүлүп, 11-класстын окуучусу Заур Акимов мектеп директорунун кызматын аткарды. Сабактарды берүүдө окуучунун каалоосу да эске алынды. Администрациянын өкүлдөрү сабактардын өтүлүшүн жана жалпы мектептин тартибин көзөмөлдөп турушту. Ошону менен катар эле 11-класстын окуучусу, окуучулар парламентинин жетекчиси Маматкадыров Акбардын жетекчилиги менен концерттик программа уюштурулду. «Дублерлор» күнүнүн белгилениши жалпы линейкада жыйынтыкталып, уюштуруучуларга ардак баракчалар тапшырылды», - деди ал.

Аталган мектепте 280 окуучу окуп, 39 мугалим эмгектенип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2859
×