Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Таластык Бейшегүл апа жасаган сүмөлөктү элге таратып берет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылынын 63 жаштагы тургуну Бейшегүл Арыкбаева Нооруз майрамына карата сүмөлөк жасады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, сүмөлөктү Нооруз күнү элге таратат.

«Сүмөлөк жасоону апамдан үйрөнгөм. Буудайды жайып, күн сайын суу сээп өндүрдүм. 20-март күнү сүмөлөккө даяр болуп калат. Жыл сайын сүмөлөктү даярдоодо алгач көжө жасап, элди чакырам. Сүмөлөктү баштоодон мурун 7 токоч жасап, элге таркатам. Сүмөлөккө 7 таш, өрүк, мейиз, жаңгак шекер жана башка татымдарды кошом. Даяр болгон сүмөлөктү Нооруз күнү жааматтарга, Нооруз тоскон үйлөргө таратып берем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1176
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×