При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Түрк дүйнөсүнүн адабиятчылары Анкара шаарында А.Осмоновдун чыгармачылыгын даңазалашты

Turmush -  ТҮРКСОЙ уюмунун Түркиянын Анкара шаарындагы башкы кеңсесинде «Түрк дүйнөсүнүн көсөмдөрү» конференциялар тизиминин кезектеги үчүнчү жыйыны уюштурулду. Иш-чара кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналганын аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди. А.Осмоновдун чыгармачылыгына арналган жыйын Түрк маданияты эл аралык уюуму ТҮРКСОЙ жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Түркиядагы кыргыз элчиси Ибрагим Жунусов А.Осмонов түрк дүйнөсүндөгү өзгөчө феномен экенин, өзүнүн өмүрү кыска болгону менен өмүрү узун ырларды жазганын белгиледи.

Ошондой эле, Казакстандын Түркиядагы элчисинин милдетин аткаруучу Алимхан Есенгелдиев: «Алыкул Осмонов кыргыздардын гана эмес, казактардын да сүйүктүү акыны болуп келсе, соңку жылдары ал жалпы түрк дүйнөсүнө чабыттап чыгып баратат», - деди.

Конференциядагы башкы баяндаманы кыргыз адабиятчысы, Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинин окутуучусу, илимдин кандидаты Майрамгүл Дыйканбаева жасады. Ошондой эле, А.Осмоновдун чыгармаларын биринчилерден болуп түрк тилине которгон сивастык түрк акыны Кенан Чарбога акындын чыгармачылык артыкчылыктарын айтып, анын өмүрүн жана чыгармачылыгын түрк акыны Жахит Сыткы Таранжынын жашоосуна окшоштурду.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артиси Динара Акулова баштаган ырчы-бийчилер, кыякчы-комузчулар конференциянын соңунда концерт тартуулап, А.Осмоновдун сөзүнө жазылган ырлар да аткарылды.

«Түрк дүйнөсүнүн көсөмдөрү» конференциялар тизиминин биринчи жыйыны Яссавиге, экинчи жыйыны Шахриарга арналган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×