При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Фото - Өзгөндө чагылгандан 30 кой куйкаланган сарай

Turmush -  Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын Шагым айылында түшкөн чагылгандан мал сарай өрттөнүп, ичиндеги мал-жандыктар тирүүлөй күйүп кетти. Райондук өрткө каршы кызматтын билдирүүсү боюнча, 18-мартта саат 21:08 чамасында түшкөн чагылган Авазов көчөсүндөгү сал сарайга тийген. Өрттөн адамдар жаракат алган жок.

Адистер чагылгандын кесепетинен сарайдын 85 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп күйүп, 1 баш уй, 17 кой жана 9 козу тирүүлөй өрттөнгөнүн билдиришти. Сарайдын ээси Кабыл Сайиповдун айтымында, чагылган түшкөндөн кийин өрт тез жайылып, өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Өрт өчүрүүчүлөр Өзгөн районунда акыркы 10 жылдан бери мындай чагылган түшпөгөнүн белгилешти.

2016-жылы 16-июнда саат 21:00 чамасында Жалал-Абаддагы Аксы районунун Акжол айылынын Суук-Төбө жайлоосунда чагылган түшүп, 100дөн ашык кой-эчки өлгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, малды аксылык Умар аттуу чабан аталган жайлоого айдап бара жатканда чагылган түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу