Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Нарын

Өзгөчө кырдаал киргизилген Ат-Башыга парламенттин депутаттары келди

Turmush -  Кар күрткүдөн улам өзгөчө кырдаал киргизилген Ат-Башы районунун тургундары менен Жогорку Кеңештин депутаттары жолугушту. Бүгүн, 20-мартта Жыргалбек Турускулов, Руслан Казакпаев алгач район акими Жакыпбек Субакожоев менен маселени талкуулап, андан кийин Өзгөрүш, Ак-Муз жана Ак-Сай кыштоосуна алып барган жолдо калган элден кабар алды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, учурда Кытай чек арасына жакын жердеги 100дөн ашык түтүн менен байланыш жок. Жергиликтүү бийликтин билдирүүсү боюнча, Ак-Музга жакын 13 кыштоого алып барган 100 чакырым жолдун 45 чакырымы тазаланды. Учурда Нарын—Торугарт жолу каттам үчүн жабык.

Бороон айдап келген кар күрткүсү 12-марттан бери Ат-Башы районундагы Өзгөрүш, Ак-Муз айылдарында түйшүк жаратууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бороондон улам кар тазалоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирген. Облустук бийлик тазалоо иштери 16-мартта башталганын кабарлаган.

Буга чейин Ат-Башы районунун Ак-Муз, Ак-Сай жана Өзгөрүш айыдарында кардын калыңдыгы 2,5 метрге жеткени маалымдалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2148
Көп окулду
×