При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

Бишкектеги кесиптик лицейдин жатаканасында өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды, деп билдирди ӨКМ. Аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлгөн.

Бишкектеги Манас проспектисинин №22/5 дарегинде жайгашкан жатакананын кире беришинде 2 чарчы метр таштанды, электр зымы түтөп күйгөн. Аталган жатакана №4 кесиптик лицейге тиешелүү. Өрт учурунда адамдар жабыркаган жок. Имараттан өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 8 адам эвакуацияланган.

Министрликтин билдирүүсү боюнча, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 365
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×