При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Сары-Тологойдо Түп дарыясынын жээгин бекемдөө керек (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылынан агып өткөн Түп дарыясынын жээгин бекемдебесе айдоо аянттарына зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу айылдын башчысы Эдил Орозбаков билдирди.

Анын айтымында, Түп дарыясы Каркыра тараптагы кар ээригенде буркан-шаркан түшүп кирип, айылдын чыгыш жагына коркунуч жаратат. ӨКМдин Түп райондук бөлүмү, суу чарбасы жана №14 жол тейлөө ишканасы менен бирге өткөн жылы дамба кургандан кийин коркунуч жоюлган. Ал эми айылдын батыш жагында жайгашкан айдоо аянттарында суу жеген жар жыл сайын чоңоюп, айдоо аянттарын кичирейтип жатат.

«Түп дарыясынын эски нугунан 500 метр канал каздырып, түндүк жээгин көтөрбөсө болбойт. Эртерээк киришпесек кар ээригенде суунун деңгээлине алыбыз жетпей калат», - деди Орозбаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 388
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×