При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Токтогулда өлгөн козулардан лактобезоардык оору табылды

Turmush -  Токтогул районунда белгисиз себептен улам өлгөн козулардан лактобезоардык оору табылды. Бул тууралуу Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы А.Сапаркулова билдирди.

Анын айтымында, 18-мартта республикалык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун протоколунун негизинде текшерүү жүргүзүлүп, вирустук жана бактериалык ылаң эмес экендиги аныкталган. Бул оору жаш малдардын лактобезоардык оорусу экендиги такталды.

Патогенези: байкоолор жаңы туулган малды туура эмес тоюттандыруу, сүттү же уузду ашыкча берүүдөн сиңире албай калышы, ичегинин бузулушу, микробдордун ичке ичегиге, жоон ичегиге өтүп кетишине алып келээрин көрсөттү. Безоар менен ооруган көпчүлүк жаш козулар ичкен сүтү аш болбой өлүп калат. Алардын айрымдары гана жашап кетет.

Симптому: жаш мал бардык жашында өзгөчө 2-3 жумада, кыш-жаз айларында ылаңдашат. Ылаңдан өлгөн малдарды союп көргөндө жумурунда, карынында, ичке ичегиде безоарлардын болгондугу далил. Жумур ичеги такыр бүтөлүп калган учурда мал тоюттанбай, кепшөөсү жоголуп, ичи көөп, деминен кыстыкканынан өлүмгө дуушар болот.

Жаш малдын безоар ылаңын алдын алуу иш-чараларын малды туутка даярдоодон башташ керек. Негизгилерден болуп малды сапаттуу, балансталган тоют менен тоюттандыруу, туура кармоо жана багуу, аларга зоогигиеналык талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарт түзүү эсептелинет. Безоар дарты көбүнчө козуларды жабыркатат. Айрыкча кетоздун субклиникалык формасы менен ылаңдаган тубар койлордон алынган козулар безоар дартына ийкемдүү келет. Ошондуктан бул ылаңдын алдын алуу максатында кварталына бир жолудан кем эмес кезеги менен тубар койлорду жана козуларды тоюттандыруу абалына көзөмөл жүргүзүп туруу керек. Тоюттун сапаты лабораториялык жол менен изилденип, жетишпеген макро жана микро элементтер, витаминдер кошулуп берилиши талапка ылайык.

Ылаңдаган козуларды дарылоодо алардын жумурунун, ичегисинин иштешин жакшыртуу үчүн 10% йоддун тундурмасын 3-7 тамчы 50 мл сүткө тамчылатып, 3-4 күн катары менен суткасына 1-2 жолу ичирет. Ич алдыруучу процессине каршы ихтиол, лизол, креолин 2-3 мл өлчөмүн 100-200 литр сууга аралаштырып берүү зарыл.

Алдын алуу максатында малдарга минералдык кошулма тоюттарды, борду, минералдык брикеттелген чөптөрдү, аралашма жем менен сунуштоого болот. Козуларды жана энелерин маал-маалы менен моционго чыгаруу, регулярдуу сугарып туруу, жаш малга эрте жашында чөп, жем жана минералдык кошумча тоюттарды берүү зарыл. Ал эми кыш мезгилинде малга жалаң гана чөп берүүгө болбойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 377
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×