При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - 27 жаштагы М.Калпакбаев — Кара-Көл шаарындагы «Жылдын мыкты мугалими»

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагынын баш байгесин 27 жаштагы Мирлан Калпакбаев жеңип алды. Сынактын 18-марттагы финалдык туруна Turmush басылмасынын кабарчысы күбө болду.

Үй-бүлөсү менен мугалимдик кесипти тандаган М.Калпакбаев 2012-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун жаңы маалыматтык технологиялар факультетинен информатика мугалими адистигин алган. Ошондой эле, Финансы министрлигинин окуу борборунан «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» курсун аяктаган. Педагогика тармагындагы иш тажрыйбасы 5 жыл.

Шаардагы мыкты мугалим эмгек жолун 2012-2013-жылдары А.Осмонов атындагы №68 гимназияда информатика мугалими болуп баштаган. 2013-2016-жылдары профессор А.Молдокулов атындагы гимназия комплексте олимпиадалык ийримдин жетекчиси, инженер-программист болуп эмгектенген. Учурда №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназияда эмгектенүүдө. Ошондой эле, шахмат жана тогуз коргоол ойноого убакыт таап, бош убактысында ыр жазат.

IMG-20170318-WA0201

«Учурда өзүм билим алган №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназияда окуучуларга информатика сабагын окутуп, шахмат жана тогуз коргоол боюнча ийримди жетектеп, жаш шахматчы, тогуз коргоолчуларды тарбиялап жатам. Ынтымактуу, кызыктуу адамдар менен иштешкен жагат. Менин жамаатым биримдиктүү, оюмдагыдай адамдар. Иштегенге жакшы шарт жана мотивация болсо билим берүү жаатында көптөгөн ачылыштарды жасагым келет», - деди М.Калпакбаев.

Жаш мугалим үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Эми ал «Жылдын мыкты мугалим-2017» сынагынын Жалал-Абад облустук турунда Кара-Көл шаарынын намысын коргойт.

Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду №5 К.Хуриев атындагы орто мектептин мугалими Бурмакан Үмөталиева ээледи. Жеңүүчүлөр грамота, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

«Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагынын шаардык туруна катышууга 6 мугалим жолдомо алган.

Катышуучулар:

1. №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиядан Калпакбаев Мирлан;

2. №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинен Өмүрзак кызы Нурзада;

3. №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинен Нурдунбекова Акмарал;

4. №4 Д.Шопоков атындагы орто мектебинен Кудайбергенова Бегимай;

5. №5 К.Хуриев атындагы орто мектептен Үмөталиева Бурмакан;

6. №6 Т.Темиров атындагы орто мектептен Арапбаев Азиза.

Сынактын биринчи этабында катышуучулар сабак өтүүдө коюлуучу критерийлердин шарттары, заманбап технологияны жана усулдарды колдоно билүүсү, сүйлөө маданияты, сабаттуулугу, педагогикалык чеберчилиги, убакытты туура пайдалануусу, креативдүүлүк, компетенттүүлүктү калыптандыруу багытындагы иши боюнча биринчиликке ат салышты. 18-мартта сынактын экинчи этабында катышуучулар «Мен мугалиммин» методикалык портфолиосун тааныштырып, педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча слайд көрсөтүштү. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1497
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×