При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Ж.Кошмакова тизеге жеткен байпактарды түйүп, 300 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Ново-Павловка айылынын 28 жаштагы тургуну Жанна Кошмакова бөбөктөрдүн байпактарын түйүп, 80 сомдон сатат. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Байпак түйгөндү кайын энесинен үйрөнгөн.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенип жатканыма 6 жыл болуп калды. Кайын энем кооз жана түрдүү байпактарды, өспүрүмдөрдүн, наристелердин кийимдерин түйүүнүн сырларын үйрөткөн. Өзүмдүн дагы шыгым болуп, бат эле үйрөнүп кеттим. Учурда кудайга шүгүр, кардарларым көп эле.

Тизеге чейин жеткен узун байпактар 2 саатта түйүлүп, 300 сомго чейин сатылат. Ал 300 сомдун 180 сому жипке сарпталса, 120 сом пайда түшөт. Ал эми кичинекей бөбөктөрдүн байпактары 80 сомго сатылат», - деди ал.

Чебер айым буга катар эле келечекте кийим тиккен цех ачууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

«Кудай буйруса келечекте кол өнөрчүлүгүмдү дагы өнүктүрүп, кооз, бышык байпактарды, өспүрүмдөрдүн кийимдерин массалык түрдө чыгарган цех ачсамбы деген максатым бар.

Биздин үй-бүлө көп улуттуу. Атам өзбек улутунан болсо, апам орус кызы. Туугандарымдын көбү кол өнөрчүлүгүмө колдоо кылып турушат», - деди ал.

Жанна Кошмакова үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 555
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×